Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Ф.Э.Дзержинский атындагы №10 жалпы билим берүүчү орто мектеби 1987- жылы январь айында ишке берилген.1994 — жылы мектептин аты №10 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби деп өзгөртүлгөн.Мектеп жаңы типте салынып,проект боюнча  624  орунга  ылайыкташкан. Мектептин биринчи директору Сырдыбаев Тариэл Акималиевич,окуу бөлүмүнүн башчысы Осмонкулов Кенжалы Дооронкулович,тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Замира  Айманбетовалар иштешкен жана 1000ден ашуун окуучу билим-тарбия алышкан.Андан кийинки жылдары А.Сатаров мектеп директору болуп иштеди.Ал эми 1994-1997,1998-2000-жылдары С.Айдарбекова,1997-1998-жылдары М.Аксакалов,2000-2001-жылдары  А.Топчубаев,2001-2008-жылдары И.Абдуллаева,2008-2010-жылдары А.Байматов, 2010-2021-жылдары Ч.О.Молдобекова  директорлук кызматты аркалашты. Окуу бөлүмүнүн башчылары болуп А.Юсупбаева, Ф.Х.Мазитова, Ш.Куватова, И.Абдуллаева, Б.Турабекова, Р.Эргешова, А.Алибаева, Ч.Джанышбаевалар иштешкен.

Мектептин уюштуруучулары болуп К.Калбаев, Д.Балбаева, Г.Кудайбердиева,

Ж.Бакирова, М.Бекназаровалар кызмат аткарышкан.2014-жылдан бери Б.Камчыбекова уюштуруучу катары иштеп келе жатат.

2021-жылдан тартып Ч.Т.Джанышбаева директорлук кызматты аркалап келүүдө. Окуу бөлүмүнүн  башчысы кызматын Г.Нарымбетова аткарууда.Учурда мектепте 581 окуучу билим алып, 35 мугалим эмгектенип жатышат.

 

№10 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин үстү жумшак тол менен жабылып бүтөрүлгөн. 1990-жылдан бери бир нече оңдоп- түзөө иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан мектептин, спорт залдын жана ашкананын үстүнөн жамгыр жааган мезгилде суу тынымсыз өтүп, дубалдын тең жарымына чейин нымдуулук жетип, бир топ түйшүктөрдү жаратып келген.

Ошондуктан 2005-2006-окуу жылында эки проект жазылып, мектеп директору Абдуллаева Инобаттын жетекчилиги менен  ишке ашырылган.

2005-жылы январь- октябрь айларында мектептин чатырын, 2006-жылы март-август айларында спорт зал менен мектеп ашканасынын чатырын реконструкциялоо долбоорун, Кыргыз Республикасынын коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосу (АРИС) программасынын негизинде, АРИСтин жооптуу кызматкерлеринин, жергиликтүү айылдык инвестициялык бирикмелердин, кичи долбоордук топтун лидери- мектеп директору Абдуллаева Инобат, мүчөлөрү- дене тарбия мугалимдери А.Ормонбаев,Ж. Сонунбеков, мектеп мугалимдери А.Алибаева,Н.Нарбиева, ата-эне жана прораб А.Кулушов, чарба башчысы Г.Акназарова, айыл өкмөтүнүн жана курулуш иштер боюнча кызматкерлеринин, ата-энелердин, мектеп жамаатынын, шаарчабыздагы ишканалар (УПТК,ПСГЭС,КПП) жана башка колунда бар атуулдардын жардамы аркылуу долбоор ишке ашырылып,жыгач устундар тургузулуп,мектептин чатыры  оцинковый лист менен толук алмаштырылды.

“Көп түкүрсө — көл” же “Көз коркок, кол баатыр ” дегендей бардык көйгөйлөр чечилип, чоң сыноодон өтүп, мектеп окуучуларынын, мугалимдердин ден соолугуна тийгизген зыяндын алдын — алууга, окуу процессинин талапка ылайык жүргүзүлүшүнө, сапаттуу билим берүүгө, ным жыттанбаган класстарда окуу менен алардын окуусуна, иштөөсүнө шарттар түзүлдү.

Молдобекова Чынаркул Омуралиевна 2010-жылдын 2-сентябрында №10 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине директор болуп дайындалган. Директор болуп иштеген убакта мектептин материалдык- техникалык базасын чыңдоодо төмөнкүдөй иштерди жасады:

2010-жылы 15-ноябрда мектепке 6 даана компьютер, 80 даана азем залына отургучтар  проекттин негизинде алынган.

2011-жылы 3 класс — комплект парта,стулдар окуучулар үчүн “Мерсико” уюму тарабынан проект боюнча алынган.

2011-жылы 17-ноябрда мектепке “Тансу” электр от казаны аркылуу жылуулук киргизилген. Жергиликтүү бюджет жана КЖГЭСтер ишканасы тарабынан жардамдар берилген.

2012-жылы башталгыч класстар үчүн 2 класс- комплект парта, стулдар “Мерсико” уюму тарабынан берилген.

2013-жылы “Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында даярдоо класстарынын каанасы  парта, стул, доска, шкафтар менен жабдылган.

2014-жылы “Мерсико” уюму тарабынан усулканага заманбап стол, стул, шкафтар берилген. Жергиликтүү бюджетке проект жазуу менен мектептин 3 каанасы, коридорлор заманбап терезелер менен жабдылды.

2014-жылдан баштап балдар үчүн ысык тамак бериле баштады.Ашкана  “Мерсико” уюму тарабынан муздаткыч, камыр жууручу машина, 4 комфоркалуу электрплитасы, 2 даана нан бышыруучу духовка, идиш-аяктар үчүн кургатуучу стеллаж,столдор берилген. Азык-түлүк сакталуучу кампага текчелер жасалып орнотулду. 4 раковина, 1 идиш жуучу раковина, 3 даана суу жылытуучу аристон менен жабдылган.КЖ ГЭСтер ишканасынын демөөрчүлүгү тарабынан ашканага балдар үчүн 50 даана олтургуч,  2016-жылы 16 сотук мектеп багына “Мерсико” уюму тарабынан 80 түп алма, алча, кара өрүк, мөмө бактары отургузулду.2020-жылы мөмө кургатуучу машина “Мерсико” уюму тарабынан берилген.

2018-жылы Таш-көмүр шаардык кеңешинин депутаты Ашырбеков Гүлжигиттин  демөөрчүлүгү менен спортзалга 6 даана пластик заманбап терезелер орнотулду.

2020-жылы дене тарбия мугалими С.Ж.Сонунбеков тарабынан  демөөрчүлөрдүн жардамы менен мектептин жер төлөсү реконструкцияланып, жаш мушкерлер үчүн шарттар түзүлүп, мушкерлер үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздалды.

2017-жылы  демөөрчү Б. Кулдышев тарабынан 2 даана телевизор берилген. 2018-жылы мектепке видеокамера ( көзөмөл) орнотулду.

Бүтүрүүчүлөрүбүз менен дагы сыймыктанып кетсек болот. 1989-1990-окуу жылынын бүтүрүүчүсү С.Найманов, 1991-1992-окуу жылынын бүтүрүүчүсү З.Ниязбекова окуудагы жетишкендиги жана үлгүлүү жүрүш-турушу эске алынып,   алтын медаль менен сыйланышкан. Ал эми Н.Карапашова, А.Мамасадыкова, К. Манкиев күмүш медаль менен сыйланышкан. Мындан сырткары мектептин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанда гана эмес,чет өлкөлөрдө дагы ийгиликтүү иштеп жатышат. Баялиева Гүлзат Усупжановна БГУда ага окутуучу болуп эмгектенип, 2007-2011-жылдары Американын Корнель, Гарвард Университеттеринде стажировкадан өтүп, илимий иштерин Италия, Венгрия өлкөлөрүндө жүргүзүп келген. Учурда Баялиева Гүлзат Германиянын Тюбинген университетинде мугалим, илимий кызматкер, антропология илимдеринин докторанты.

Жалпы кыргыз Журтубузга белгилүү ырчы кызыбыз, №10 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү,бир топ эл аралык фестивалдардын лауреаты,Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти,I даражадагы “Эрдик,Ар-намыс ,ДАҢК” орденинин ээси Баялиева Жанета Усупжановна дагы маданият тармагында бир топ ийгиликтерди жаратты.Ал эми  Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын вице-президенти,”Бай Дыйкан” дыйкандарды колдоо коммерциялык борборунун генералдык директору,негиздөөчүсү,2000-2001-окуу жылындагы бүтүрүүчүбүз Акунбеков Эрлист Абакирович азыркы мезгилде «ATS-Group» жоопкерчилиги чектелген коомдун генералдык директору болуп кызмат аткарууда

Жетекчилик кызматты аркалаган бүтүрүүчүлөрүбүзгө толтолуп кетсек: Шаарчабыздагы №2 К.Осмокулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 2017-2021-жылдагы директору – Ш.К.Бегбаева,азыркы мезгилдеги директору Н.Ш.Карапашова,Шамалды-Сай аймактык башкармалыгынын башчысы

Н.Ж. Жоробаев, №10 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Ч.Т.Джанышбаевалар жетекчилик кызматты ийгиликтүү аркалап келишүүдө.